КРнын Улуттук илимдер академиясынын жана Түркиянын илимий-технологиялык изилдөөлөр кеңешинин ортосунда илим жана техника жаатында кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу КРнын Илимдер академиясынан бүгүн, 20-январда билдиришти.
Маалым болгондой, келишимге КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев жана Түркиянын “Тюбитак” илимий-технологиялык изилдөөлөр кеңешинин президенти, профессор Южаль Алтунбашак кол коюшту.
“Тюбитактын” максаты - илимдин жана алдынкы технологиянын өнүгүүсүнө дем берүү, ошондой эле жаш окумуштууларга көмөк көрсөтүү. Агенттик ар түрдүү инновациялык жана изилдөөчү иштер боюнча колдоо көрсөтөт. Тактап айтканда, анын ишинде илим жана алдынкы технологиялар боюнча мамлекеттин саясатын иштеп чыгууга басым жасалат. Ошондой эле университеттердин жана башка уюмдардын изилдөөчү иштерин каржылоо, илимий эмгектерди, китептерди жана журналдарды жарыялоо менен алектенет, студенттерге стипендия бөлөт жана илим жаатындагы окумуштууларга жетишкендиктери үчүн акчалай сыйлык берет.