28-январда Бишкекте “Окуган троллейбус” аттуу акция өткөрүлөт. Биринчи жолу өткөрүлүп жаткан бул акция №11-троллейбустун маршруту менен саат 09:00дө башталат. Троллейбустун жүргүнчүлөрүнө адабий китептер таратылат. Акциянын максаты - китеп окууну жайылтуу, шаардагы китепканалар тууралуу буклеттерди тапшыруу, жүргүнчүлөргө жол жүрүү учурунда адабий китептерди таратуу.