“Башкы прокурордун кетиши - саясий буйрутма” дейт анын кызматта калуусун колдоп митингге чыккан тарапташтары

"Башкы прокурор Аида Салянованын кызматынан кетиши - саясий буйрутма. Бийликте таза иштеп жаткан адамды кызматтан алуу - бут тоскондук" дешет анын кызматта калуусун талап кылып митингге чыккандар. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Ак үйдүн алдында Аида Салянованын тарапташтары айтышты.

Митингге жаш-кары дебей, бардык жаштагы жарандар катышууда. Алардын саны саат санап өсүүдө. Себеби ары-бери өтүп, коомдук унаада бараткандар түшүп, башкы прокурордун кызматында калышын колдоп жатышат.

Мен Аида Саляновадан суранат элем, кызматыңдан кетпе! Сага кыргыз элинин баары ишенет. Сенин кызматка келишиң менен канча акча жегендердин бети ачылды. Менин оюмча, аны таза иштеп жаткандыгы үчүн кызматтан кетирип жатышат. Ал эми күйөөсүнө козголгон кылмыш ишин бут тоскондук деп ойлойм”,- дейт Сокулук районунан келген Сагийпа Исламова.  

Митингге келген шаардын студенттери да Аида Салянованын кызматтан кетишине каршы.

Биздин өлкөбүздүн тарыхында башкы прокурор алгачкы жолу аял киши болду. Буга чейин бул кызматта иштеп келген мырзалар мындай жыйынтык беришкен эмес, бере да албайт. Ошол себептен улам ал өзү ээлеген кызматынан кетпеши керек”,- дейт борбордогу жогорку окуу жайларынын биринин студенти Бегай Көпшөкөва.

“Жеп-ичкендердин баарынын бетин ачкан кызматкерди иштетиш керек. Бийликтегилер аны кызматтан кетирип туруп, буга чейин ачылган кылмыш иштердин бетин жаап койгону жатышат”,- дейт Нарын шаарынан келген Бурул Асанова.

"Урматтуу кыргыз элим, мен бул митингге Аида Салянованы колдоо үчүн келдим. Эл ага ишенген жана ишене берет. Бул айым коррупция менен күрөшүп келген. Ал баштаган ишинин аягына чыгышы зарыл. Президентибиз жаңы жыл алдында башкы прокурор кетпейт деп айткан, эми биз кимге ишенишибиз керек?”- дейт митингдин катышуучусу Талант Акматов.  

Учурда митингдин катышуучулары Ак үйдүн алдында турушат. Алар бийлик өкүлдөрү менен жолугушууну күтүшүүдө. 

"Аида Салянованын кызматтан кетиши - саясий буйрутма"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
orozaliev86
2015-01-21 12:22:07
Уят ак уйдун алдын тазалап койбоптур каарын
0
Akabai
2015-01-21 12:43:35
orozaliev86, Ак уйдун тосмосунан ары жагы башка мамлекетго чондор учун эмне болсо ошо болсун дешет
0
islamidin
2015-01-21 12:36:06
Дворниктери барбы деги биздин ак уйдо?
0
Light
2015-01-21 12:47:09
оз каалоосу менен жазылган заявленияга митингдин кереги жок болчу.Эгерде Салянованын эмгеги жаккан болсо анда ак уйдун алдына келбей уйуно барып ыраазычылык корсотунуздор, жолугушууга чакырыа ыраазычылык корсотунуздор.Бул убакта элдин баары жумушта, бул адамдар эмне кочодо журушот?
0
Akmosha
2015-01-21 13:02:22
А.Салянова Атамбаевдин буйругу менен иштеди,коррупция али ачыла элек майда чуйдосун гана тапшырма менен ачышты.Ал Эми коррупциянын жеткен чеги АК УЙДУН торундо,менимче Салянова жадады,чиновниктердин былык иштеринен,анан калса С.Жапаровтун китебинде жазылгандай А.Салянова Генпрокурорго татыктуу эмес,Ашанын гана айтканын жасап жатат.
+3
tagokg
2015-01-21 13:02:30
кулкумду кыстатпагылачы митинг катышуучулары.
0
admin_superstan
2015-01-21 15:02:08
bema_bema, талкуудан алыстабаңыз!
0
kamchatka
2015-01-21 15:03:14
Аида эже сиз митинге чыкандарды абдан жаман корот эленизго,азыр сизди колдоп чыкан ОБОНдорду эмнеге кой деп койгон жоксуз!
-1
yasmina_kg
2015-01-21 18:24:14
kamchatka,Обондор деп,эгер Аида Салянованы Окмот бошотсо ошол учун каршы чыкандарды айтсан болот.А бул жарандар болсо Аида Саляновадан кийин таза адам келбесин коздору жетип,суранып жатышат кетпесин.
0
Bakulya79
2015-01-21 20:22:10
Бирин олуп бирин кал.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан