Бүгүн, 21-январга карата алынган маалыматка караганда, үч унаа жолу жабык турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Казарман - Жалал-Абад, Нарын – Оорук-Там, Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолдору жабык. Ал эми калган унаа жолдор каттамдар үчүн ачык.