Бишкектин Свердлов районунда балдарга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн ишеним телефону ишке кирди

Бишкектин Свердлов райондук администрациясы балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүлөрдүн алдын алуу максатында ишеним телефонун ишке киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жарандардын билдирүүлөрү күнү-түнү кабыл алынмакчы. Райондук администрация тарабынан балдарга психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулук көрсөткөн фактылар, ата-энелери, туугандары же башка адамдар тарабынан алардын ден соолугуна зыян келтирүү учурлары жөнүндө кабардар болгондор төмөнкү номурларга кайрыла алышат: (0312) 53-04-16, 0555 66-00-38, 0554 40-03-92. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан