Аида Салянованын кызматына кайтып келишин талап кылгандар эртең да митингге чыкмай болушту

Ак үйдүн жанында Аида Салянованын кызматта калышын талап кылган тарапташтары тарап кетишти, алар бул талап менен эртең да митингге чыга турган болушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда SUPER.KG порталына митингдин катышуучусу Сагийпа Исламова билдирди. 
"Митингге келгендердин ичинен бешөөбүздүн аты-жөнүбүздү жазып, Ак үйдүн ичине киресиңер деп айтышкан болчу. Бирок ал жакка бирибиз да кире алган жокпуз. Бизге Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков чыгып, "Аида Салянова кызматынан бошотулду" деп айтты. Биз Аида Салянованын кызматына кайтып келишин талап кылып, эртең да митингге чыга турган болдук",- дейт С.Исламова.
Эске салсак, бүгүн эртең мененки саат 08:00дөн бери Ак үйдүн алдында башкы прокурордун кызматында калышын талап кылып анын тарапташтары митинг өткөрүштү. А бирок Жогорку Кеңеш мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетүүгө жазган арызын карап, ага 57 депутат “макул”, 18 депутат “каршы” деп добуш берди. Эми башкы прокурорду кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка президент кол коймокчу. 
"Аида Салянованын кызматтан кетиши - саясий буйрутма"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
marmilantka
2015-01-21 14:19:14
Спетакль бул==>>>>100%
+3
Chikus93
2015-01-21 14:26:36
Аида Салянова ишин толук аткарып анан кетиш керек,канча адамга кылмыш ишин козгогон,ошолорду бир жансыл кылсын да,
+3
edu.kg
2015-01-21 14:46:45
Чынында спектакль эле койуп жатышат.
+2
kg-zzzzz
2015-01-21 14:54:04
суроттогу адамдарды коруп оз каалосу менен келген адамдарга окшобойтко 500сомду алып бир четте туруп убакыт откорсом болду деп турушатко менимче
+1
kgmiko
2015-01-21 15:32:15
Ой кетсин келсин дегендерге да медал тагып ак уйдон жай берип койгулачу! тажатышты ушулар! Мыйзам иштеп жатабы же кагаздарга том том болуп басылып жер толодо катылып жатабы?
-3
zarbaliktik
2015-01-21 17:18:09
Салянованын кетип жаткандыгы оз каалосуна байланыштуу эмэс! Жогор жактын тапшырмасы кетууго аргасыз кылды. Ак уйдогу мунафыктар бул журушту мурда элэ пдандап койгон. АША патриотторду иштен алып жанына жолотпой, эми чоолордун арасында калганы билине баштады. Акырын аны да шахмат бетинен суруп коюшат.
+1
yasmina_kg
2015-01-21 18:32:49
zarbaliktik,Бирок Атамбаев Аида Салянованын кетишине каршы болчу,ал эми чоолордун арасында жалгыз калды дегенин туура.
0
myrza80
2015-01-21 17:18:32
Мага десе бир жыл чыкпайсынарбы митингке ал оз каалосу менен кетип атса кайра келмек беле бир аз ойлонуп анан чыкпайсынарбы,же буларды куйоосу жалдадыбы Аида мени укпай жатат силер кайтаргыла деп.
0
Kanat8427
2015-01-21 17:20:53
Суукта тураберсин, арасында Аида Салянова ким болуп иштерин билбегендери да болсо керек.
+2
gulmaray
2015-01-21 17:37:03
Чындык деген чыркырай бермекчи.А.Саляновадай таза иштеген бир да эркек болбоду.Ал кээ бир мырзалар (чиновниктер) ушак айтышып олтурганда,озунун жумушун так аткарып иштеди.Озунон эч бир кылмыш ишин таба албай,бир тууганына асылышты,андан да илинчек таба албай эми жолдошуна канткенде бут тосуу коро албастык токтойт.
-2
maksnarin
2015-01-21 18:27:04
Кайра иштоого толук татыктуу айым!
0
myshka406
2015-01-21 19:23:32
Митинге чыккандарды камаш керек деп ойлойм
0
taku0214
2015-01-21 22:00:46
Атка минерлерге Салянованын чондорго иш козгой бергени жакпай калды. Акыры кетирип максатына жетишти. Эми кенири жеп жута беришсе болот.
0
Sadyrov_n93
2015-01-21 22:17:05
Эн мыкты иштеди Аида айым,буга чейин эч бир прокурор мынтип иштеген эмес,элдер тааныбайт дагы кимдер болгонун,адамдарга эч нерсе жакпайтда озу,иштесе коралбайт,иштебесе дагы бир ызы чуу чыгарат тооба.
0
Almaz_kg
2015-01-22 01:45:01
Камаш керек, камаш керек солойуп турган митингчилерди. Болор болбоско митинг кылабербей
0
kuban_korumbaevich
2015-01-22 07:25:22
A. Салянова мыкты айым. Оз жумушун жакшы алып барды деп ойлойм. Мен депутаттар жонундо жазгым келди. 57 макул 18 каршы деп айтылып жатат. Калган 45 депутат кайда журду болду экен я. Балким алар да каршы болуп журбосун. Же аларга баары бирби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан