Бүгүн, 21-январда Орусиянын Миграция кызматынын башчысынын орун басары Анатолий Кузнецов интернет аркылуу түз байланышта миграция боюнча суроолорго жооп берди.
Анатолий Кузнецов патенттин баалары тууралуу буларды айтты: "Патенттин баасы федералдык деңгээлде 2015-жылы 1586,4 рублду түзөт. Ошол эле учурда Орусиянын ар бир субъекти бул баага көбөйтүлгөн кошумча коэффициентти орното алат. Мисалы, Москва шаарында жана Москва облусунда коэффициент 2,5504кө тең болуп, патентке айына 4 миң рубль төлөө керек. Ал эми иштөөгө уруксат кагазы үчүн мамлекеттик салык 3500 рублду түзөт".