Борбордогу Октябрь районунун тургундары акысыз медициналык кароодон өтүшүүдө

Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Октябрь районунун тургундарына акысыз медициналык текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган райондун тургундары 24-январга чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин бекер медициналык кароодон өтө алышат. Медициналык кароо "Орто-Сай" базарынын аймагындагы биометрикалык маалыматтарды каттоо пунктунун жанында жүргүзүлүүдө. Райондун жашоочулары ультрадобуштуу изилдөөдөн, ЭКГдан өтүп, кулак-мурун, офтальмолог, невропатолог, терапевт, урологдорго көрүнүп, керектүү анализдерин тапшыра алышат. 

Иш-чара өлкө аймагындагы жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө программасынын алкагында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан