Борбор калаанын Аламүдүн районундагы медреселердин биринде Куранды көркөм окуу боюнча семинар өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган окутуу 24-январга чейин улантылмакчы. Семинардын негизги максаты - Куранды кырааты менен, көркөм окууга үйрөтүү. Иш-чара Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмү тарабынан уюштурулууда.