2014-жылы өлкө аймагындагы балдар үйлөрүнөн 996 бала асыроого алынган. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын башкы адиси Эльзат Кыдырмышева билдирди.
"Бишкек шаарында 121, Чүй облусунда 230, Ош шаарында 56, Ош облусунда 124, Баткен облусунда 67, Жалал-Абад облусунда 165, Талас облусунда 69, Нарын облусунда 49 жана Ысык-Көл облусунда 115 бала асыроого алынган",- дейт Э.Кыдырмышева.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы өлкө аймагындагы балдар үйлөрүнөн 872 бала асыроого алынган. Былтыр асыроо үчүн алынган балдардын саны 2013-жылга салыштырмалуу 124 балага көп болгон.