"Кара тизмедеги" кыргызстандык жарандар Орусиянын Миграция кызматына арыз менен кайрылышса болот

Орусиянын "кара тизмесине" киргизилген кыргызстандык айым К.Т. маселесин чечүү үчүн Орусиянын Федералдык миграция кызматына кайрылды. Муну жаран бүгүн, 21-январда аталган мекеменин башчысынын орун басары Анатолий Кузнецов менен түз байланышта билдирди.
"Биз балдарыбыз менен Кыргызстанга эмгек өргүүсүнө келген элек. Билет сатып алууга келгенибизде "кара тизмеде" экенимди айтышкан. Балдарым Орусияга учуп кетишкен, мен кичине балам менен калгам. Балдарым Москвада мектепте окушат. Ошентип, мен Кыргызстанда жүрөм, ал эми балдарым 5 ай бою менсиз чет өлкөдө турушат. Эмне кылышым керек? Кайсы кызматка кайрылганым туура?"- деп сурады айым.
"Сизге карата чечимди кайра караштыруу максатында тиешелүү арыз менен Орусиянын Федералдык миграция кызматына же бул чечимди кабыл алган Орусиянын Федералдык миграция кызматынын аймактык бөлүмүнө кайрылышыңыз керек",- деген жооп кайтарылды.
Айта кетсек, өткөн жылдын жай айында Бишкекте Орусиянын Федералдык миграция кызматынын паспорттук-визалык тейлөө бөлүмү ачылган. Ал Абдрахманов (Совет) – Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын 2-кабатында жайгашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kaniet
2015-01-21 20:29:03
Атана бар, энене бар дегендей эле жооп узатыптыр го ФМС РФ хэ хэ
+4
Rifle
2015-01-22 00:04:14
Туура жана так маалымат берилген. Кайрадан окуп чыгыныз.
Мен дагы жакын арада арыз жазам деп жургом.
0
maks.kg.11
2015-01-21 21:02:36
Кара тизмеде бар же жок экенин кантип билсе болот супер дагы бир жолу корсотуп койгулачы
0
sanchos1
2015-01-21 22:34:01
maks.kg.11, fms.gov.ru сайтынан текшерип алсанар болот
0
Anjella89
2015-01-21 23:30:59
maks.kg.11, ФМС ддегени интернеттен издеп кирсен болот оной эде
0
admin_superstan
2015-01-21 22:51:16
OTYPBARATYPELEEE, Nur_Iman, кабардын аталышы туура жазылган. Орусиянын Миграция кызматынын башчысынын орун басары Анатолий Кузнецов кыргызстандык жаранга арыз менен кайрылууну сунуштаганы тууралуу жазылып жатат. Көңүл коюп окууну сунуштайбыз! paren, талкуудан алыс билдирүүлөр өчүрүлөт!
0
Nur_Iman
2015-01-22 01:07:48
admin_superstan,бул жерде "менен" деген байламта соз "кыргызстандык жаранга" жана дагы "Орусия миграциясына" да кайрылуу сунушталды деген маанини берип жаткан жокбу? Сиз ".....кыргызстандык жаранга арыз менен кайрылууну сунуштаганы тууралуу жазылып жатат" десениз, анда "менен" деген байламтадан кийин "YTYP" койсок кандай болот?
-1
Deesmond
2015-01-21 23:41:03
Өзүбүз кайрылып сурабасак башкалардан үмүттү үзүп эле коюш керек
+1
suli-krsk
2015-01-22 02:17:41
Каждый свою правду будет качать, лучше не спорить нам, мы обычные люди (вы поняли о чем речь) :-)
0
Nur_Iman
2015-01-22 09:14:06
suli-krsk, Насколько я знаю, каждый качает свои права, а правду высказывают.
0
Rezhapov
2015-01-22 04:29:34
Ушул жерден билсенер болот... http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000
+1
kanat_kyrgyz
2015-01-22 12:40:04
россиянын миграция кызматы Ошто да ачылганбы? Ачылган болсо, даректерин жазып койгулачы сураныч?
+1
admin_portal
2015-01-23 10:54:59
bek007,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан