20-январдан 23-январга чейин өлкө аймагында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Муну бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас (198-210-чакырымдары жана Өтмөк ашуусунда), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары), Казарман - Ак-Тал-Чат (67-94-чакырымдары) автожолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ошол себептүү унаалардын ортосундагы кыймыл 500 метр аралыкта сакталууга тийиш.