Өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүүсү күтүлүүдө

Өлкө аймагында 23-январдан 27-январга чейин мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда кар катуу жаайт. Ага байланыштуу аба ырайынын кескин өзгөрүлүүсү күтүлүп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда ӨКМдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 24-январдан 27-январга чейин абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°С, айрым жерлерде -25°С суукка чейин, күндүз -5…-10°С, айрым жерлерде -15°С, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12°С, күндүз -3…-8°С, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10...-15°С, чыгышында -20°С, күндүз -5...-10°С, чыгышында -8...-13°С, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°С, күндүз -15…-20°С, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°С, күндүз -17…-22°С, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°С, күндүз -20…-25°С суук болушу күтүлөт.

Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону татаалдантып, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chyngyz1993
2015-01-22 10:24:18
Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону жакшы деп айтыптыр беле ата бабаларыбыз.
+3
Kalin466
2015-01-22 12:12:32
Chyngyz1993, баланын баладай да болгону жакшы. ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
+5
admin_superstan
2015-01-22 12:29:44
Kalin466, талкуудан алыстабаңыз.
+1
Alina1984
2015-01-22 11:39:43
Ошо да ,болбосо жаз келе баштады еле да
-1
kg.sity93
2015-01-22 22:32:11
Бир чети жаман да.коп эл кыйналат экен.уй шарты начар жашагандар.уйун толук кышка камдабаган адамдар бар..эмнеси болсо да женилинен бере кор.элим кыйналбасынчы урматтуу кыш!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан