Ошто 60 имам билимин жогорулатуу үчүн атайын сабак алууда

Кечээ, 21-январь күнү Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча уюштурулган окуу курсуна катышып жаткан имамдар менен жолугушту. Казы аларга Куранды тафсирлөө боюнча сабак өттү. Бул тууралуу облустук казыяттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сабак учурунда облус казысы имамдык чоң милдет экендигин жана аны аткарууда Куранды чечмелеп түшүндүрүү маанилүү экенин белгиледи. Мындан сырткары сабак учурунда имамдар аймактарда болуп жаткан ар түрдүү маселелерди көтөрүп, аларды чечүү боюнча суроолоруна жооп алышты.

Эскерте кетсек, окуу курсуна  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жалпы 60 имам катышууда. Окуу курсу он күнгө созулуп, дин кызматкерлеринин мамлекеттик мыйзамдардагы укуктары жана милдеттери түшүндүрүлүп, шарият жолундагы милдеттерди аткарууга тиешелүү тармактардан тажрыйба сабактарын алышмакчы. Жыйынтыгында аларга сертификаттар тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан