Ош. Мектептерде жана бала бакчаларда кызамык оорусунун алдын алуу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жугуштуу кызамык оорусунун өрчүп кетүү коркунучунун алдын алуу максатында бир катар иш пландар иштелип чыкты. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда жалпы билим берүүчү мекемелерде санитардык-гигиеналык абалды 

камсыздоо, оорунун алдын алуу, таркап кетпөө максатында фильтр изоляторун уюштуруу, медицина кызматкерлерине көмөк көсөтүү жана “Кызамык жана анын алдын алуу” деген темада сергек жашоого үндөгөн дубал гезиттерди чыгаруу иштери белгиленген графиктин негизинде жүрүүдө.  

Ошондой эле маалымат иштери катары жат жазуу, лекциялар жана аңгемелешүүлөр уюштурулууда жана аткарылган иштер боюнча маалыматтар Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын тиешелүү кызматкерлерине билдирилүүдө. Эгерде кызамык оорусу катталса, жалпы массалык маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилет.

Учурда аталган башкармалыкка караштуу мектептерде жана бала бакчаларда кызамык оорусу каттала элек. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралар Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жиберген эскертменин негизинде аткарылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан