Борбор калаада 19-январда карантин жарыяланган №2-клиникалык төрөт үйү 26-январдан тарта штаттык режимде иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган төрөт үйүнө суу чечек менен ооруп калган бейтап түшкөн. Учурда ал айым көз жарып, бүгүн же эртең төрөт үйүнөн чыгат. Аталган ооруну башка эне жана балдарга жуктуруп албоо максатында аталган төрөт үйү 19-январдан бери кош бойлуу айымдарды кабыл алган жок. Алар борбордогу башка төрөт үйлөрүнө жөнөтүлүп жатышты.