Мелис Турганбаев: “Милициянын жакшы иштеши жергиликтүү коом үчүн абдан маанилүү”

Бүгүн, 22-январда Жалал-Абад шаарында жаңы милиция бөлүмү ачылды. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага облустагы мамлекеттик органдардын жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү, милиция кызматкерлери жана тургундар катышты.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев: “Милициянын жакшы иштеши жана жашоого коопсуз чөйрөнүн камсыз кылынышы биздин жергиликтүү коом үчүн эң маанилүү”,- деп белгилесе, шаар мэри Салайдин Авазов: “Мындай имараттын курулушу эл менен укук коргоо органдарынын ортосундагы байланышты күчөтүп, тыгыз байланышта иштөөсүнө шарт түзөт. Жаңы имарат элибиздин жакшылыгына кызмат кылсын”,- деди.

Маалыматка таянсак, имараттын курулушуна 4,7 миллион сом жумшалган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kursantbek
2015-01-22 15:11:52
кудай кааласа ушул имаратка барып иштейм)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан