Бүгүн, 22-январда тегерек столдун жүрүшүндө диний ишмер Чубак ажы Жалилов "Кыргызстанда шииттер "Ага-хан" фонду аркылуу өз таасирин жайылтуу иш-аракетин жүргүзүп жатышат" деп жарыялады.
Анын айтымында, аталган фонддун өкүлчүлүктөрү өлкөнүн Ош жана Нарын шаарларында бар. "Бул фонд перс тилин жана маданиятын окутуу деген шылтоо менен Сириядагы шиит агымынын таасирин жайылтууда. Ал эми Кыргызстандагы мусулмандардын көбү сунниттер",- деди Жалилов.
Мындан тышкары ал кыргыздардын тарыхындагы исламдын өнүгүшү боюнча пикирин айтты. "Кыргыздар көчмөн эл болгондугунан исламдын ар кандай агымдары өз таасирлерин тийгизип келген. Бүгүнкү күнү кыргыз салттуу исламы башка коңшу улуттардыкындай толук калыптана элек",- деди диний ишмер.