Борбордо кызамык оорусунун күч алышына байланыштуу түз байланыш телефону иштөөдө

Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинде кызамык оорусу күч алгандыгына байланыштуу түз  байланыш телефону иштөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Саламаттыкты сактоо департаментинде оорунун күч алышына жол бербөө жана алдын алуу боюнча атайын штаб түзүлгөн. Шаар тургундарынан жана конокторунан кызамык оорусуна шектенүүлөр болсо, (0312) 31-87-72, 31-88-24 номуруна кайрылууну өтүнөт. 

Ошондой эле учурда бул оорунун алдын алуу максатында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун башчыларына тапшырмалар берилип, күн сайын билим берүү мекемелеринде окуучулар тиешелүү текшерүүдөн өтүшүүдө. Андан сырткары мугалимдерге класстык сааттарды жана кызамык оорусунун алдын алуу боюнча ата-энелер чогулушун өткөрүү тапшырмасы берилген. 

Кызамык - катуу кармай турган жугуштуу оору. Анда эт ысып, жөтөлүп, мурун бүтүп, үн каргылданат, көздүн, ооздун былжыр чели сезгенип, териге кызыл бүдүрлөр чыгат. Муну вирус козгойт. Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө анын шилекейи, какырыгы менен вирустар абага тарап, соо адамга өтө тез жугат. Кызамык менен бардык кишилер оорушат. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар оорушат. 3 айга чейинки бала демейде оорубайт, анткени ага бала кезинде ооруган эненин иммунитети берилет. Бала кезинде кызамык менен оорубаган энеден төрөлгөн балдар 3 айга чейин деле ооруп калышы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kg.sity93
2015-01-22 17:54:58
Кызылча кандай ооруп.кызамыкпы?билгендер болсо айткылачы эл журт.орусчасы кандай болот??
0
admin_superstan
2015-01-22 18:00:54
kg.sity93, саламатсызбы!
Ооба, кызылча - кызамык.
0
Elya20
2015-01-22 18:40:58
kg.sity93, орусчасы корь деп аталат
0
kg.sity93
2015-01-22 22:18:06
Elya20, рахмат .
0
danyshman
2015-01-22 18:07:39
Кызамык башталаарда кандай белгилер билине баштай?ошол жонундо да жаза кетсенер.Мисалы баш ооруйбу,ич отобу,же болбосо давление которулобу кыска нуска жаза кеткиле.
0
admin_portal
2015-01-23 11:12:14
danyshman, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан