Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Навои көчөсүндө салынып жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушунан кабар алып, жакындан таанышып чыкты. Бул тууралуу 22-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Көпүрөнүн курулушу жүрүп жаткан жерде Мамлекеттик техникалык көзөмөлдөө кызматы курулушка керектелүүчү каражаттарды толугу менен текшерүүдөн өткөргөн соң гана пайдаланууга берилип жаткандыгы белгилүү болду. Ал эми калаа башчысы көпүрөнү курууда эч кандай мүчүлүштүктөргө жол берилбеши керектигин белгиледи.
"Бул көпүрөнүн Ош шаарынын элине татыктуу кызмат кылуусуна бул жерде иштеп жаткан ар бир жумушчу жоопкерчиликтүү. Бул жерде бир гана мэрия эмес, бүтүндөй шаар эли чоң үмүт менен сиздердин эмгегиңиздерге көз салып турат. Кетирилген бир гана кемчилик кылган бардык аракетибизди жокко чыгарбашы үчүн кылдаттык менен иш алып баруу зарыл”,- деди А.Кадырбаев.
Көпүрөнүн 2-этабынын курулушу бүткөндө 3-этабында ички жолдорду куруу иштери башталат. Ага карата учурда долбоор даярдалууда. Долбоорго шаар мэри бир катар сунуштарын берип, карап чыгууга тапшырды.
Ал эми көпүрөнү куруу үчүн учурда 80ге жакын жумушчу эмгектенип жатат. Оор техникалардын 10дон ашуун түрү иштөөдө. Учурда экинчи этабына бөлүнгөн акча каражатынын 100 миллион сому пайдалануу үчүн Жол башкармалыгынын балансына которулган. Бүгүнкү күндө жумушчулар жатып иштешет, жумуш саат 9:00дөн 17:00гө чейин созулуп, үч убак ысык тамак берилип жатат. Ал эми алардын эмгек акысы айына 30-35 миң сомдун тегерегинде жана өз убагында берилүүдө.