Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №44-мектепте эскилиги жетип, бор жукпай мугалимди жана окуучуларды бир топ түйшүккө салып келген такталар жаңылана баштады. Жаңы такталардын артыкчылыктары - заманбап үлгүдө экенинде. Ага кошумча мектептин китепканасы жаңыланып, интернетке туташтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын башталышында эле аталган башкармалык өзүнө караштуу мектептердеги эски такталарды алмаштыруу маселеси күн тартибиндеги көйгөйгө айланып калгандыктан, аны жаңылоону планга киргизген эле. Мындан сырткары заман өзгөргөн сайын мектептерди анын агымына жараша өнүктүрүүнү эске алып, мектептерге интерактивдүү тактаны жайылтуу аракетинин үстүндө иш алып барууда. Учурда шаар аймагында 24 мектепте интерактивдүү такта бар.