Закир Чотаев: "Кыргызстанда бардык дин өкүлдөрүнө иш алып баруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн"

Кыргызстанда бардык диндер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысынын орун басары Закир Чотаев билдирди.

Анын айтымында, республикада ислам кыргыз элинин салттары менен биргеликте өнүгүп, бири-бирине каршы чыкпай келет. "Өткөн кылымдан бери биздин аймакта салттуу ислам жайылып келген. Ал светтик мамлекет жана светтик баалуулуктар менен бирге жашап келет. Мамлекеттин диний иш-аракетти жөнгө салганы туура. Дин саясатка аралашпашы керек. Өлкөдө диндерге бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн",- деди Чотаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
myrza80
2015-01-22 19:09:51
Бизде ушул дин иштери боюнча динди ото тушунгон адамдарды койсо жакшы болмок айрыкча дин агенттигине.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан