"Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын 2014-жыл боюнча иштеринин жыйынтыгы канааттандырган жок". Мындай пикирин калаа башчысы
Айтмамат Кадырбаев 22-январь күнү Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын 2014-жылдын жыйынтыгына арналган өндүрүштүк кеңешмесинде белгиледи. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Жыйынга А.Кадырбаев баш болгон мэриянын өкүлдөрү, аталган ишкананын жетекчиси жана кызматкерлери, коомдук транспорттук каттамдардын айдоочулары катышышты. Анда Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Абдыкалык Койчубаев өткөн жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыгы жана быйыл аткарыла турган иш-аракеттер жөнүндө маалымат берди.
Бирок шаар мэри ишкананын 2014-жылы аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин белгиледи.
“Койчубаев Абдыкалык Ыдырысовичтин жетектеп келе жатканына бир жыл болду. Бир жыл бою мэрия сизге толук мүмкүнчүлүк берди. Тоскоолдук кылган жок. Бирок сиздер "Кантип жаңы технологияларды өндүрүшкө киргизе алабыз, автотранспорт паркын кантип жаңылоого жетишебиз?" деген сыяктуу учурдун маанилүү маселелерин чечүү жолдорун сунуштай албадыңыздар. Жүргүнчүлөрдү ташуу мурунку жылга салыштырганда 360 миң адамга, анын ичинде троллейбус менен ташуу 5800 адамга, автобус менен ташуу 354 миң адамга, жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн каражат 3 миллион 942 миң сомго, жалпы киреше 1 миллион 442 миң сомго азайып кеткен. Бир сөз менен айтканда, 2014-жылдагы Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын ишмердигин эң төмөнкү баа менен баалоого толук негиз бар”,- деди мэр.
“2015-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Улуттук экономиканы көтөрүү жылы” деп жарыяланды. Ошондон улам биздин алдыбызда шаардын экономикасын көтөрүүнүн олуттуу милдеттери турат. Бул иште сиздердин ишкана өзгөчө демилге менен иштешин каалаар элек. Өткөн жылдагы ыкманы унутуп, жаңыча иштөөгө чакырам”,- деп кошумчалады Кадырбаев.