Бүгүн, 23-январда саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде саны чектелбеген электрондук сатып алуу усулу менен тендер өткөрүлөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул тендер министрликтин түзүм-бөлүмдөрүнүн потенциалын жогорулатуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында өтөт. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кредиттик келишимдин негизинде жана ошолорго байланыштуу бөлүнүп берилген акча каражатынын эсебинен, саны чектелбеген электрондук сатып алуу усулу менен тендер атайын инженердик техника каражаттары үчүн болот. Тендердин жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын бардык жарандары байкоо жүргүзүүгө жана катышууга укуктуу. Тендер бүгүн Ош шаарында өткөрүлөт" деп билдиришти мекемеден.