2015-жылы Орусияда патенттин эң кымбаты Чукоткада, эң арзаны Башкортостанда болууда (жалпы тизме)

2015-жылы Орусияда патенттин эң кымбаты Чукоткада катталса (8000 рубль), эң арзаны Башкортостанда болууда (1568 рубль). 
Орусия Федерациясы 2015-жылдан тарта ар бир аймакка патенттин баасына кошумча каражатты өз алдынча кошууну сунуштаган. Мындан улам ар бир субъектте патенттин баасы ар кандай болууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Мигранттар уюмдарынын форумунун басма сөз кызматы билдирип, төмөнкү тизмени жарыялады:

8000 рубль – Чукотка автономиялуу аймагы

7056 рубль – Саха Республикасы (Якутия)

6629 рубль – Ямало-Ненецк автономиялуу аймагы

4270 рубль – Амур облусу

4000 рубль – Москва шаары, Москва облусу, Томск облусу

3999 рубль – Тюмень облусу, Ингушетия Республикасы 

3921 рубль – Магадан облусу

3842 рубль – Калуга облусу

3640 рубль – Вологодск облусу

3500 рубль – Челябинск облусу

3294 рубль – Курск облусу, Новгород облусу

3192 рубль – Белгород облусу

3137 рубль – Приморск аймагы, Хакасия Республикасы, Чувашия Республикасы, Липецк облусу

3136 рубль – Саратов облусу

3046 рубль – Мордова Республикасы

3000 рубль – Владимир облусу, Воронеж облусу, Кемеров облусу, Санкт-Петербург шаары, Ленинград облусу, Тула облусу, Тверь облусу, Ярослав облусу

2839 рубль – Татарстан Республикасы 

2807 рубль – Рязань облусу

2800 рубль – Краснодар аймагы

2750 рубль – Смоленск облусу

2745 рубль – Хабаров аймагы, Еврей автономиялуу облусу

2666 рубль – Архангельск облусу, Калининград облусу

2600 рубль – Волгоград облусу

2580 рубль – Оренбург облусу

2500 рубль – Брянск облусу, Омск облусу, Крым Республикасы, Самара облусу, Севастополь шаары, Тамбов облусу

2400 рубль – Свердлов облусу

2274 рубль – Нижегородск облусу

2039 рубль – Орлов облусу

1568 рубль – Башкортостан Республикасы

Айта кетсек, эгер Орусиянын кайсы бир аймагы бул тизмеде жок болсо, анда ал аймак кандайдыр бир себептен коэффицентти киргизген эмес же салыкты ошол бойдон калтырган. Демек, бул аймакта патенттин баасы 1568 рублга барабар. 

Ал эми жаңы мыйзамдарга ылайык, патент алуу үчүн төмөнкү документтер керек:

1) Арыз;

2) Жалпы жарандык паспорт (загранпаспорт);

3) Миграциялык карта (анда келүүнүн максаты "Работа" ("Эмгектенүү") деп белгилениш керек);

4) Бир жылдык мөөнөткө берилүүчү Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси;

5) Орус тили, Орусия тарыхы жана мыйзамдары боюнча билими жөнүндө сертификаты;

6) Оорулардын жоктугу тууралуу маалым кат;

7) Каттоого тургузулгандыгы боюнча документ (каттоо);

8) Салыктын төлөнгөндүгү боюнча квитанция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
anara-anara
2015-01-23 11:57:55
Кудаай ай. Эми канттик. Ушунча документ мн да ещё экзамен. Атамбаев кайда карап атат. Ушунча мигранттын келечеги эмне болот. Кайдан нан таап бала багабыз.
+7
nooken.kg
2015-01-23 12:04:20
anara-anara,
Атамбаев сизди жетелеп РФга алып келген жокко.

Экзамендер оной деп атат. Москва да болсонуз 15 миң рубль мн патент ала аласыз.
+4
anara-anara
2015-01-23 12:11:02
nooken.kg, Жетелеп алып келбесе. Кыргызстанда жумуш болбосо торт баланды эмне мн багасын. Т с кошулаарда карапайым элдин талаалап жургон кыргыздын элин ойлосо болмок. Сен акыл айтып болгон акылынды жумшап алба.
+1
nooken.kg
2015-01-23 12:13:12
anara-anara,
Кечиресиз. ТСга толугу менен кошула элек. 9-майда толук кошулат. Анан регистрация менен журсонуз боло берет. Акыл уйротподум.
+2
anara-anara
2015-01-23 12:23:34
nooken.kg, Оз уйубуздо балдарыбыз мн тирилик кылганды ким каалабасын. Майга чейинки убакытта канчалаган акча толонуп атат россиянын бюджетине. Ал жагын ким ойлоду. Май да келээр узулбогон умут.
+1
nooken.kg
2015-01-23 12:30:04
anara-anara,
Сабыр кылып иштеп туралы, барына шугур кылып.
+1
yasmina_kg
2015-01-23 12:30:58
nooken.kg,Атамбаев жетелеп барбаса да 5 миллион элин бага албаган президентердин айынан кетип жатышат да.
+2
nooken.kg
2015-01-23 12:47:25
yasmina_kg, Президенттердин деген созунузго кошулам. Балык башынан сасыйт Акаев коп нерсени туура эмес кылган.
+2
Begimkyz
2015-01-23 12:30:18
Мен эски патент менен эле жүрөм эч нерсе болбос бекен?
0
nooken.kg
2015-01-23 12:45:56
Begimkyz, Жаны жасатын болбосо Жалал-абадка жонотуп салбасын. Тамаша анык бир жооп айта албайм.
0
Begimkyz.
2015-01-23 17:17:06
nooken.kg, Былтыры эле жөнөткөн, документтерими алмаштырып кайра келип алдым. Эми РФ паспорт албасам бовойт.
0
suli-krsk
2015-01-23 12:53:19
Begimkyz, эски патентиниз убагы буткончо иштесениз боло берет.
0
Begimkyz.
2015-01-23 17:20:12
suli-krsk, оозунузга май. А то алган айлыгым салыктарга эле кетип кала турган болду.
0
nazi25
2015-01-23 12:57:08
Супер инфого рахмат.
+1
suli-krsk
2015-01-23 13:01:23
Урматтуу туугандар!!! 01.01.2015-ж.чейин патент же "разрешение на работу" алгандар болсо бул шилтеме менен кирип текшерип алсаныздар болот. Ошол эски патенттерди аннулировать этип салыптыр деген кеп чыгып жатат, лично менин "разрешение на работам" бар эле, аннулировать этип салыптыр.
http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000
+1
gapar82
2015-01-23 14:22:27
Рвп алгандар эмне болот билгендер болсо жазып койгула
0
33SUUN
2015-01-23 15:19:06
gapar82, алар эч нерсе болбойт.Иштеймин десен жаны патент(2015)жасайсын,иштебесен эч нерсенин кереги жок.Рвпнын мооноту буткончо кара тизме да депортация да болбойсун.
0
nazi25
2015-01-23 16:02:34
Рвп кантип алса болот?
0
iliaz-91-91
2015-01-23 16:11:59
Аша унчукпайтко жок дегенде элди кичине алдап койсо болмок. Акчаны алып жеп бутуп эми суйлогону соз тапай калды окшойт. Дагы создор журот орусстардын озуунан уктум патент менен эле журот экенбиз тсынын пайдасы тийбейт экен бизге. Кара тизменида айтышты алынбайт жана а
эн азы 3 жылга кара тизиеге киргизет экен айткандарындайэле болуп жатат. Дагы айта кетчу нерсе кайсыл жерге каталган болсонуз ошол жердин учостковойуна ай сайын катап к алышыбызда мункун экен. Ой кудай укандарым жалган болсун деп
0
iliaz-91-91
2015-01-23 16:15:05
Кудайдан кундо тилеп жатам патент болсо деле кичине арзандаттып койсо жакшы болмок. Супер сиздерге суроом бар эле казагызтандыктарын дакументи кандай болуп жатат угушкм боюнча алар келген билети менен 3 ай журо берет экеен жана буткандон кийин кандай дакумент жазайст экеен маалыматыныздар болсо айта кентиниздерчи аларда тсга кошулганго
0
myrza80
2015-01-23 16:44:43
iliaz-91-91,менин жанымда бир казак бала иштейт эле ошол 1 жума болду границага чыгып келди себеби алдын ld кардка окшогон паспорту менен келген экен эми загран паспорт менен келди,ушул паспорт менен иштеген жеринен труд.соглаш.алып эчтеке кереги жок иштей берет экен.Прописка 1 жылга болот экен,мен Красноярский шаары боюнча айттым,башка жакта кандай билбейм.
0
origami
2015-01-24 03:01:39
iliaz-91-91,патент алган сон 4000руб эле толобостон ага кошуп процентине 400руб кошуп толойт экенбиз.ошондо патент айына 4400руб болот экен.Кыргызстандан келе жатканда миграционный картага Работа деген жерин белгилеп кирет экенбиз,ошондо бизде толук бир ай убакыт бар жаны патент алганга.бир айда патент алганга улгурбой калсак анда административный штраф 15000 руб толойт экенбиз.ошондуктан эгерде бир айда патент келбей кечигип жаткан болсо анда чек арадан чыгып келиш керек экен,ошондо дагы бир ай убакыт болот экен.Ал эми чек арадан отуп жатканда Работа деген жерин белгилебей койсок миграционный карта менен 3айга чейин журот экенбиз,мындай миг,й картага патент берилбейт экен и кайра чек арадан чыккан сон 90кун же болбосо 3айдан сон гана киргенге уруксат болот экен.
0
crishti_7
2015-01-23 17:45:14
Супер инфо, Красноярский крайдачы?
0
admin_superstan
2015-01-23 17:51:25
crishti_7, саламатсызбы!
Орусиянын кайсы бир аймагы бул тизмеде жок болсо, анда ал аймак кандайдыр бир себептен коэффицентти киргизген эмес же салыкты ошол бойдон калтырган. Демек, бул аймакта патенттин баасы 1568 рублга барабар.
0
nookat
2015-01-23 21:17:54
Эгерде 2014чу жылы патент алгандар 2015 жаны жасатыш керекпи же ошол эски патенттин убактысы буткончо колдонсо болобу ушуга жооп жазып койгулачы???(Чоон рахмат)
0
origami
2015-01-24 02:45:10
nookat,февральдын 28нен 2014 жасалган бардык патенттердин срогу бутот деп деп айтты бугун фмсте.ошол убактка чейин жаны патентке корсотулгон шарттарды аткарып документ топтой алса жаны патентти эч кандай чек арадан чыкбастан туруп алсак болот экен.
0
nookat
2015-01-23 21:18:40
Супер инфо созсуз жообун кутом
0
nur-patriot
2015-01-23 21:56:40
nookat, брат, жооп бул жерде окшойт http://www.super.kg/kabar/news/97193/

http://www.super.kg/kabar/news/97177/
0
nur-patriot
2015-01-23 21:58:31
nookat, допустим патентти 2014-жылы декабрда 3 айга алган болсон, анда 15-жылдын мартка чейн сспакойно иштей бересин. Мөөнөт буткөндөн кийин жаны патент аласын.
0
basima
2015-01-24 01:46:37
москвада потенттин баасы 22000 болуп жатат экен
+1
iliaz-91-91
2015-01-24 13:55:24
Эчкандай дакумент жасабай койсо эмне болот экен канча жылга кара тизиеге киргизет экен.
0
aibek90
2015-01-24 19:26:53
Еч кандай дакумент жасабай еле койуш керек бешенеге жазганын коробуз мен 3 жылдан бери прописка да жок иштеп журом
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан