Бишкекте чет өлкөдөн жеңил унааларды алып келүүдө салыктык нарктын мөөнөтүн узартууну талап кылгандар митинг өткөрүшүүдө

Бүгүн, 23-январда Бишкек шаарынын М.Горький атындагы сейил багында чет өлкөдөн жеңил унааларды алып келүүдө салыктык нарктын мөөнөтүн узартууну талап кылгандар митинг өткөрүшүүдө. Азырынча чогулгандар 60тын тегерегинде. Арасында жеке ишкерлер, чет өлкөдөн жеңил унаа ташып келүү менен алектенгендер бар. Алар колдоруна “Темир Сариев эл менен!”, “Өкмөт, элдин абалын ойлоп кой!”, “Өкмөт, бир айдан бери куурадык!” деген жазуулары бар плакаттарды кармап, өкмөт өкүлүн күтүшүүдө.

Унаа ташуучулар митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kairatmyn
2015-01-23 16:31:12
Супер силерден сураныч. Кыргызстан ТСга толлук мучо болгондон кийин Россиядан Российский машиналарды Кыргызстанга алып барып растаможка кыла алабызбы жана жылы канча болуш керек ушул жонундо маалымат берип коёсуздарбы. Алдын ала чоон рахмат
0
admin_superstan
2015-01-29 18:15:56
Kairatmyn, саламатсызбы!
Суроого Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жооп берди:
Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык союзга (ЕАЭС) кошулгандан кийин ЕАЭС өлкөлөрүнүн аймагынан чыгарылган товарлар (ошондой эле унаалар) Кыргыз Республикасынын аймагында (ичинде) эркин жүрө алат.

Ушул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө бажылык тариздөөнүн кереги жок болот. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө чыгарылган жылы боюнча чектөөлөр бүгүнкү күнү бекитиле элек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан