Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине АЦ-40 үлгүсүндөгү 5 өрт өчүрүүчү унаа тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Азербайжан тарап буга чейин эки өлкөнүн министрликтеринин башчылары бекиткен келишимдердин негизинде ушундай жардам көрсөтүүдө. "2014-жылдын 5-июнунда Азербайжандын Габала шаарында өткөн эл аралык жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Азербайжандын министри Кямаледдин Гейдаров менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Анын жыйынтыгында кадрларды даярдоо, техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимдер макулдашылган. Тактап айтканда, кыргыз тарапка 10 өрт өчүрүүчү унаа берүү боюнча келишим бекитилген. 5 унаа тапшырылды, ал эми калган 5 унаа 2015-жылдын ичинде берилиши күтүлүүдө",- деп билдирди басма сөз кызматы.