Акыркы беш жылдын ичинде бюджеттин кирешелери 57 миллиард сомдон 119 миллиард сомго чейин өстү

Акыркы беш жылдын ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көлөмү 57 миллиард сомдон 119 миллиард сомго чейин же 208 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кирешелердин жылдык өсүшү орто эсеп менен 120,2 пайызды түзгөн. "2010-жылы бюджетке 57 миллиард сом, кийинки жылы 77 миллиард сом, 2012-жылы 86,7 миллиард сом, 2013-жылы 101,8 миллиард сом түшкөн. Ал эми өткөн жылдын көрсөткүчү, алдын ала маалыматтарга караганда, 119 миллиард сомго барабар. Мунун 27 миллиарды салыктык эмес кирешелер, 9 миллиарды расмий трансферттер (чет өлкөдөн акча которуулар)",- деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akshumkar
2015-01-23 13:36:30
Оскону кана жылыш жокко
0
tagokg
2015-01-23 14:45:55
бул реалдуу осуш эмес, табигый осуу дейт. калктын санынын табигый осуусуно байланыштуу осуу гана болуп жатат, ал эми реалдуу сектор ордунда турат.
0
kg-zzzzz
2015-01-23 18:09:40
окмоттун кирешесин айтып атасынар бирок тышкы карызыбыз 2миллиардтан почти 4 миллиард долларга осконун айтпайсынарбы элге ушул атамбаев президент болгондон бери
0
asilkg
2015-01-24 09:16:50
А инфляция канча процентти тузду акыркы беш жылда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан