Бишкек шаарындагы “Улуу баян” коомдук фонду сүрөтчүлөр арасында “Манас ааламы” аттуу көргөзмө-сынак жарыялады. Бул сынак "Манас" эпосу тууралуу чыгармаларды көбөйтүү жана элге жайылтуу максатында уюштурулууда. Сынакка катышкан сүрөттөр маани-мазмуну жана композициялык түзүлүшү боюнча аныкталмакчы. Каалоочулар эмгектерин Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейине 26-30-апрель күндөрү тапшырса болот. Иш-чаранын ачылышы 2-майда өтөт.