Бишкек мэриясы шаардагы жөө адамдар басуучу жолдорду тазалай турган 5 трактор сатып алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, тракторлор жолду кардан тазалагандан сырткары таштандыларды да тазалап-шыпырат. Бул тракторлор «Автомашрадиатор» заводунан сатылып алынган. Бир техниканын бааасы 1 миллион 50 миң сом турат.