"Супер сулуу-2012" сынагынын жеңүүчүсү Гузеля Келдибаева Индиянын Гоа штатындагы 10 күндүк эс алуудан Кыргызстанга кайтып келди. Биз Гузелянын Гоадагы эс алуусу, андагы эсинде калган көз ирмемдери тууралуу кыскача маек курдук.
- Салам, Гузеля. Экзотикалык өлкөдө эс алуу кандай өттү?
- Рахмат, баары сонун. Чет өлкөгө биринчи жолу барышым. Болгондо да дүйнөнүн эң кооз жерлеринин бирине бардым. Күн ысык, абанын температурасы 38°C болуп турду. Гаонын калкынын көпчүлүгү англис тилинде сүйлөшөт экен. Анан да кыргыздардай эле аябай меймандос экенин байкадым. Жомоктогудай эс алдым десем болот.
- Эсиңде өзгөчө кайсы учурлар калды?
- Алгачкы чет өлкөгө болгон сапарымда биринчи жолу учакка отурдум. Өмүрүмдө биринчи жолу пилди, крокодилди, маймылды жанынан көрдүм. Мурда банан, ананас, кокос сыяктуу мөмө-жемиштерди сатыктан гана көрсөм, Индиядан мен алардын өсүп турган жеринен өз көзүм менен көрдүм. Анан да өзгөчө эсимде калганы Гоанын кечки базары болду. Ал жерде акчаң болсо баары бар экен.
- Дагы кандай өзгөчөлүктөрдү баса белгилейт элең?
- Индиянын тамактарынын өтө эле ачуу экенин белгилейт элем. Көпчүлүк жергиликтүү тургундар сууга бышырылган күрүчтү жактырышат экен. Ал эми шаардын өзү жөнүндө айтсам, аябай кооздолуп, бир башкача жасалгаланыптыр. Дагы бир жолу барууга мүмкүнчүлүк жаралса, азыр эле кетүүгө даярмын. Мындай шарт түзүп берген “Супер-Инфо” гезитине терең ыраазычылык билдирем. Ал эми кыргыздын кыздарына айтарым, кийинки сынакка катышкыла жана жеңүүчү аталгыла демекчимин.
Эске сала кетсек, Гузеля Келдибаева менен “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Бурул Исмаилова 28-январда 10 күндүк эс алууга Гоага сапар алышкан болчу. Гузелянын эс алуусу тууралуу кенен жана кызыктуу маегин гезитибиздин келерки санынан окуй аласыздар.