1- Август 1914 -жылы
Германия Орусияга согуш жарыялаган
1914-жылы 28 июлда Австро-Венгрия Сербияга согуш жарыялаган соң, 31-июлда Орусия армиясынын мобилизациялоосун баштаган. Ошол эле күнү Германия Орусияга ультиматум койгон: армияга чакырууну токтотуу болбосо, Германия Орусияга согуш жарыялайт. 1-августта Германия Орусияга согуш жарыялап, эч кандай жарыясыз Люксембургга кол салган. 2-августта алардын аскерлери шаарды толугу менен басып алган. Ал эми 6-августта Орусияга Австро-Венгрия дагы согуш жарыялаган.