16- Февраль 1961 -жылы мурунку билим берүү жана илим министри Канат Садыков туулган
Мурунку билим берүү жана илим министри Канат Садыков Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. Фрунзе шаарындагы №17 мектепти аяктап, СССР 50-жылдыгынын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетине тапшырган. Университетти 1983-жылы бүтүрүп, ошол жакта мугалим болуп иштеген. 1990-жылы теория, тарых жана адабият кафедрасында аспирантурада окуган. 1991-жылы филология илимдеринин кандидаты болгон. Андан соң ИИМге караштуу Бишкек жогорку мектебинин тилдер дисциплинасы кафедрасынын башчысы. 1991-1995 жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда окумуштуу секретарь, 1995-1997 жылдары бөлүм башчысы. 1997-2007-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин адистерди максаттуу даярдоо институтунда алдыңкы кызматтарда иштеп жүргөн. 2007-2008 жылдары Кыргыз улуттук университетинин, ЕИТ институтунун директору. 2008-2010 жылдары Билим берүү жана илим министрлигинде профессионалдык билим башкармалыгынын жетекчиси. 2010-жылы Билим берүү жана илим министри болуп дайындалып, 2014-жылы 12-декабрда бул кызматынан алынган
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан