4- Декабрь 1679 -жылы Эренак баштаган эне-сайлык кыргыздар Красноярскиге кол салышкан 
Эне-Сайдагы кыргыздар Алтыр, Есер аймактарынан топтолушуп, аларга кызылдык татарлар жардам беришкен. Согуш айыгышкан мүнөз алып, кыргыздар орус чебин үч күн бою камап турушкан. Чепти коргогон орус аскерлери жоготууга учураганы менен, алар кайратынан жазбай, чабуул мизин кайтарып турушкан. Мындан улам кыргыздар чепти алуудан баш тартышып, артка кайтышкан. Эренактын аскерлери ара жолдо орустардын эки айылын өрттөп, арбын олжо менен эл-жерине келишкен. 
1683-жылы 26-ноябрда Эренак Орусияга элчи жиберген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан