6- Август 2011 -жылы Ядролук куралга тыюу салуу үчүн күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү
Ядролук куралга тыюу салуу үчүн күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Дал ушул күнү 1945-жылы АКШ Япониянын Хирсима шаарына атомдук бомба таштаган. Өзөктүк бомбаларды жокко чыгаруу - БУУнун көптөн бери келе жаткан максаты. 
1970-жылы 5-мартта БУУнун демилгеси менен “Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими” күчүнө кирген. Келишимге эгемендүү өлкөлөрдүн дээрлик бардыгынын өкүлдөрү кол коюшкан. Болгону Индия, Израиль, Пакистан жана Түндүк Корея келишимден баш тарткан. Бул келишимге кол коюлган соң деле бүгүнкү күнү дүйнө жүзү боюнча 17 миң өзөктүк курал бар.
Бул Күн дүйнө коомчулугуна жана алардын лидерлерине Жерде өзөктүк куралсыз деле тынчтык орнотууга болорун эскертип турат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан