Англиялык сүрөтчү жана скульптор Генри Мур Кастлфорддо шахтёрдун үй-бүлөсүндө туулган. 11 жашында Микеланжело жана анын жетишкендиктерин угуп скульптор болууну чечкен. Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан соң Лидсдеги Көркөм чыгармачылык жана Лондондогу Падышалык көркөм чыгармачылык колледждеринде окуган. Мур ар дайым Байыркы Грециянын, этруск жана майя элинин скульптуралары менен кызыккан. Бул кызыгуу менен жана Рожер Фрай менен айтылган "материалдарга болгон берилгендиги" менен жаратылыш, жердин жаралышынын белгиси болгон өзгөчө материалдык формаларды жаратууга киришкен. Булардын негизинде анын скульптуралары жасалып, алардын арасында аялдын фигуралары жана энеликке, үй-бүлөгө таандык композициялар көп кездешет. Алгач анын скульптуралары реалдуу объекттерге жакын болчу, кийин абстракттуу мүнөзгө өткөн.