16- Апрель 2013 -жылы Орусиянын депутаты Владимир Жириновский кыргыздар Орусияга Ысык-Көлдү бериши керектигин айтып чыккан
2012-жылдын 20-сентябрында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кыргыз тараптын Орусияга болгон 500 миллион доллар карызын кечүү боюнча келишимге кол коюшкан.  
2013-жылы 16-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасында бул келишим талкууга алынган. Анда сөз сүйлөгөн депутат Владимир Жириновский "Орто Азиядагы мамлекеттер алганды гана эмес, бергенди дагы билиш керек" деген оюн айткан. 
“Бишкек мурун кыштак болчу, аны СССР куруп, азыр чоң шаарга айланды. Кыргыз жергесинде алтын, уран сыяктуу баалуу кен байлыктар көп. Эгер кыргыздар аларды бергиси келбесе, анда карызын кечип жатканыбыз үчүн Ысык-Көлүн берсин. Бул керемет көл. Карыздар боюнча маселени караган орган туура эмес иштөөдө. Биз берип эле жүрө беребизби? Кимдин эсебинен? Элдин эсебинен беребизби?” - деген Жириновский. 
Депутаттын бул сөздөрү интернет айдыңындагы кыргыз колдонуучуларынын арасында катуу талкууга алынган. Андан бир ай өтпөй, 15-майда парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева Владимир Жириновскийдин Кыргыз Республикасына кирүүсүнө тыюу салуу боюнча сунуш киргизип, ал депутаттар тарабынан колдоого алынган
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан