31- Октябрь 1939 -жылы Австриянын психологу жана психотерапевт Отто Ранк кайтыш болгон

Отто Ранк 1884-жылы 24-апрелде Венада (Австрия) жакыр үй-бүлөдө, эки эркектин кичүүсү болуп төрөлгөн. Атасы Ранкты мыкты инженер-машина куруучу болот деп кеисптик училищага тапшыртып, аны аяктап кесиби менен иштеп калат. Ошол эле убакта өз алдынча психологияны окуп, Вена искусство мектебин окуп бүтөт. Өзгөчө кызыгуусу адабиятка жана мифологияга болгон. Жадагалса өзүнө Г.Ибсендин “Кукольный дом” пьесасындагы доктор Ранктын фамилиясын алган. Ранктын ийгилике жетишүүсүнө Зигмунд Фрейд чоң салым кошкон. Ал экөө 1906-жылы таанышкан. Отто Ранк вена университетин аяктап, 1912-жылы “философия илиминин доктору” наамына татыган. Ошол эле жылы Отто Венанын психоаналитикалык коомунун секретары болуп калат. Ал эми 1913-жылы жашыруун комитеттин мүчөсү болот. 

1919-1924-жылдары психоаналитикалык материалдарды басып чыгарган басмакананы жетектеп турган. Ранк медициналык билими жок биринчи психоаналитик болгон. Адамдарды өзүнүн үйүнөн эле кабыл алган.

Ал Вена психоаналитикалык коомунун вице-президенти болгон. 20-жылдардын башында бир нече идеяларды айтуу менен бирге жашыруун комитеттен да чыккан жана Зигмунд Фрейдден кол үзгөню. 1930-жылдардын башында Парижде психоаналитик болуп иштеген. 1935-жылы Отто Ранк АКШга көчүп, мугалим, терапевт болуп эмгектенип ошол эле убакта жаңы идеялар менен бөлүшүп турган. 1939-жылы 31-октябрда Отто Ранк Нью-Йоркто көз жумган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан