Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев 1960-жылдын 19- февралда Ош облусунун Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылында туулган.
Артыкбаев 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтунун өндүрүш жана жарандык курулуш факультетин бүтүргөн. Ал эми 2011-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык институтун бүтүрүп, юрист адистигин алган.
- 1980-жылы Нарын ГЭСинде, "Киргизглавэнерго" ишканасында кызматкер;
- 1986-1991-жылдары CССР түстүү металдар министрлигине караштуу Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводунда инженер, өндүрүш бөлүмүнүн башчысы;
- 1991-1995-жылдары Кара-Көл шаарындагы "Скорпион" жол курулуш фирмасынын директору;
- 1995-2001-жылдары Кыргыз-Беларусь биргелешкен "Неман" аттуу компаниянын жетекчиси;
- 2001-2004-жылдары "Неман-Холдинг" ЖЧКнын башкы директору;
- 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты;
- 2007-2009-жылдары КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты;
- 2010-2011-жылдары Энергетика министри;
- 2011-2012-жылдары "Кыргызалтын" ААКнын башкармасынын төрагасы;
- 2012-2013-жылдары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
- 2013-2014-жылдары Энергетика жана өнөр жай министри;
- 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Осмонбек Артыкбаевге 2018-жылы 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына отургузулган. Ошондой эле ага козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында мүлктөрү камакка алынган.