Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге коррупция беренеси менен кылмыш иши козголду

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата кылмыш ишин козгоду. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, Артыкбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, 2012-2013-жылдар аралыгында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда "Электр станциялары" ААКсына 4 ири компаниядан сунуш түшкөн. Алардын ичинен Кытайдын “СМЕС” мамлекеттик компаниясы 365 миллион долларга бул долбоорду ишке ашырып берерин сунуштаган. Аталган компаниянын артыкчылыгы - буга чейин эл аралык энергетикалык долбоорлорду ишке ашырып келген.

Ал арада кытайлык ”ТВЕА” компаниясы Бишкек ЖЭБин 390 миллион долларга модернизациялоону сунуштаган. Бул компания буга чейин мындай ири көлөмдөгү долбоорлор менен иштешип көргөн эмес.

"2013-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын президентинин резолюциясы менен энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менен президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Ахмедовадан биргелешкен кат келген. Анда Кытайдын “ТВЕА” компаниясы менен келишим түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдук берүү туура экендиги жазылган.

Ошол эле жылы Осмонбек Артыкбаев жогоруда аталган компания менен келишим түзүү үчүн бир нече ирет жыйындарды өткөргөн. Энергетика министри өзүнүн орун басары А.Калиев, “Электр станциялары” ААКсынын директору С.Авазов жана анын орун басары Ж.Назаров менен биргелешип келишимге эртерээк кол коюуга ашыккан. Алар талапка ылайык техникалык-экономикалык негиздерди, тагыраагы, техникалык документтерди “ТВЕА” компаниясынан талап кылган эмес.

Натыйжада 2013-жылдын 16-июлунда “Электр станциялары” ААКсы менен кытайлык “ТВЕА” компаниясынын ортосунда Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо боюнча келишимге ("ЕРС" келишимине) кол коюлат.

“ЕРС” келишиминин шарттары боюнча, “Электр станциялары” ачык акционердик коому курулуштун жүрүшүнө кеткен чыгымды көзөмөлдөө жана кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Эсептөө палатасынын ушул жылдын 12-апрелиндеги актына ылайык, жогорудагы келишимди бекитүүдө сметанын негизиндеги деталдуу эсептер жана каражаттын жумшалышынын конкреттүү сметасы болгон эмес. “ЕРС” формасындагы келишимди кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары көрсөтүлгөн эмес, анткени аткарылган иштин чыныгы суммасын аныктоо мүмкүн эмес эле.

Анализдер мындагы айырма 20 миллион доллар экенин көрсөтүүдө. Коротулган чыгымдар өзүн-өзү актабагандыгы мамлекеттик активдерге коркунуч жаратат", - деп билдирди Башкы прокуратура.
Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн иш УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан