25- Март 1970 -жылы
легендарлуу “Биз” тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов туулган
Легендарлуу “Биз” тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов Лейлектин Коммунизм айылында туулган.
Мектепте окуп жүргөн кезинде комузду гитарага окшоштуруп чертип, Алла Пугачёва, Валерий Леонтьев, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жүрүп эле үнүнүн диапазонун кеңейтип алган. Суворов атындагы аскердик окуу жайды бүткөндөн кийин политехникалык институтка тапшырган. Ал жактан ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен гитара чертип, ырдап жүргөн. 1990-жылы “Кыргызстан” деген топ түзүп, “Периштем”, “Айпери”, “Таң чолпон жылдызым” аттуу ырларды жараткан. Кийин "биздин ырлар" деп жүрүп, топтун атын "Биз" деп өзгөртүшкөн.
"Биз" тобу 2012-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер тобу" наамынын ээси болгон.