5- Март 2007 -жылы
биринчи вице-премьерлик кызматка келген Данияр Үсөновдун “депутаттарды сатып алуу үчүн 300 миң доллар кетти” деген сөзү тарап, кызуу талкуу жараткан
Экс-премьер министр Феликс Кулов Дело № гезитине берген интервьюсунда Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер министрлик орун үчүн депутаттарга 300 миң доллар бергендиги тууралуу Үсөновдун өзүнө шилтеме берип билдирген. Биринчи вице-премьерлик кызматка Данияр Үсөновду колдоп 61 депутат добуш берген.
Данияр Үсөнов Куловдун билдирүүсү башынан аягына чейин "жалган, макалада жазылгандын баары калп" деп билдирген. Ал жалаа жабуу, каралоо фактысы боюнча Ф.Куловду сотко берерин айтып, "Феликс Шаршенбаевич сотто далилдеп берсин, ким бул сумманы берген, ким алган" деген.