Абдыганы Эркебаев КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланды
КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп Абдыганы Эркебаев шайланды. Бүгүн, 8-февралда аталган академиянын жалпы кеңешинин 40 катышуучусу Абдыганы Эркебаевдин талапкерлигин колдоп, бир добуштан шайлап беришти. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, Абдыганы Эркебаевдин талапкерлиги өкмөт тарабынан сунушталган.