Францияда массалык баш аламандыктар учурунда 2397 адам кармалып, 997 полиция кызматкери жана жандарм жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда жаракат алган кызматкерлердин жетөөсү оор абалда.
Эске салсак, Францияда мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин нааразычылык акциялары сентябрдын аягында башталды. Алар мугалимдердин жетишсиздигине, класстардын толуп кетишине жана окуу графигинин оордугуна нааразы болушуп, кийин акциялар кагылышууларга жана баш аламандыктарга айланды.