"Супер-Инфо" гезити 2014-жылдын мыктыларын сыйлоо аземинде
"Супер ырчы айым" наамына татыган Сайкал Садыбакасовага жана "Супер ырчы мырза" наамынын 3 жолку ээси
Нурлан Насипке гезит менен жемиштүү кызматташканы үчүн Малайзияга эс алып келүүгө
жолдомо ыйгарган. Андан бери күндөр өтүп, ырчылар толкундана күткөн учур да келди.
Бүгүн, 11-февралда мына ушул жылдыздар Малайзияга эс алууга жөнөп кетишти. Алар менен кошо Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен "тамашоучу" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу да сапар алышты.
Кыргызстанда бирде жылуу, бирде суук болуп, туруксуз аба ырайы менен коштолгон кыш өкүм сүрүп жатканда ырчылар Малайзияда эс алып, 12-февралда бул өлкөдө жашаган мекендештерибиз үчүн концерт беришет. Ошондой эле "Бир тууганчик" тасмасын көрсөтүшөт.
Алыска чыга тургандар саат 03:00дө "Супер-Инфонун" кеңсесине келишип, сапар алдындагы сезимдери тууралуу ой бөлүштү. Ырчы Сайкал Садыбакасова түн оогонго чейин уктабай, ушул убакытты жакындары, курбуларынын курчоосунда өткөргөнүн айтып сөз баштады. "Кышкысын жайкы кийимдерди табуу бир топ эле кыйын экен. Ошого карабай кийимдеримди бир сыйра толуктап алдым. Буюрса, барып кооз-кооз жерлерден сүрөткө түшөм. Өзүмө сюрприз болсун деп, интернеттен Малайзияда тартылган сүрөттөрдү караган жокмун",- деди ырчы.
Ал эми буга чейин Германия, Орусия сыяктуу мамлекеттерде болуп жүргөн ырчы Нурлан Насип төмөнкүчө ой бөлүштү: "Мен Германияга барганда, ал жакта суук болчу. Эми жылуу өлкөгө учуп жатабыз. Үйдөгүлөр бешбармак жасап узатышты. Аябай кооз жерге баратыптырбыз. Мен эрте жеткенге шашып жатам. Анткени жол жүргөндө кыйналган адатым бар. Анан эс алуунун майын чыгарабыз".
Кошумчалай кетсек, сапарга аттанган жылдыздар Бишкектен Ташкентке, андан ары Малайзиянын борбору Куала-Лумпурга учушмакчы.
Эске салсак, кыштын суук маалында кооз, кызыктарга бай өлкөлөргө барып келүүгө жолдомо гезит менен бир нече жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жаткан жылдын мыктыларына берилет. Алсак, былтыр мындай белектер "Заманыбыздын супер алып баруучулары" Эрмек Нурбаев менен Нурзат Токтосуновага, "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" Добрга, "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкейге берилген.