Ырчылар Сайкал, Нурлан жана "тамашоучулар" Малайзияда мекендештер менен жолугушат

"Супер-Инфо" өлкөбүздүн таланттуу жаштарына колдоо көрсөтүү салтын улантып, "2014-жылдын супер ырчы мырзасы" Нурлан Насип менен "2014-жылдын супер ырчы айымы" Сайкал Садыбакасовага кышында экзотикалуу Малайзияга эс алып келүүгө жолдомо ыйгарды. 
Мындай сюрприз жыл мыктыларын сыйлоо аземинде жарыяланды. Экөө жагымдуу иш менен пайдалуу жумушту айкалыштырмакчы. Тактап айтканда, 12-февралда кыргызстандыктар менен жолугушуп, кыргыз ырын сагынган мекендештерибизге ыр майрам тартуулашат. 
Эске салсак, кышкы суукта алыскы, кооз, кызыктарга бай өлкөлөргө барып келүүгө жолдомо гезит менен бир нече жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жаткан жылдын мыктыларына берилет. Алсак, былтыр мындай белектер "Заманыбыздын супер алып баруучулары" Эрмек Нурбаев менен Нурзат Токтосуновага, "Заманыбыздын рэп ырчысы" Добрга, "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкейге берилген. 
Аземдеги кубанычтуу кабар муну менен эле чектелген жок. Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов жана Жеңиш Майрамбек уулу да аталган өлкөгө барып, жылдын башында экранга чыккан "Бир тууганчик" тасмасын мекендештерге тартуулап келишери белгилүү болду.
Аталган тасма учурда Бишкектеги кинотеатрларда аншлаг менен коюлуп, көрүүчүлөрдүн жакшы пикирлерине ээ болууда. Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу бул тасманын сценарийин жазып, ал эле эмес, башкы каармандардын ролун да жаратышкан. "Тамашоучулар" 12-февралда Нурлан Насип жана Сайкал Садыбакасова менен биргеликте Малайзияда жашаган мекендештерибизге жолугуп, концерт берип, соңунда аларга белек катары "Бир тууганчик" тасмасын көрсөтүп келишмекчи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
shutUP
2015-01-30 10:49:44
Малайзиядан киргендер барбы?
0
ilyaz14
2015-01-30 12:48:46
Malaisianyn samoletteri opasnyi ele.Ekoosu jogolup biroo jarylgan.aman-esen baryp keliwsin
0
Bakulya79
2015-01-30 13:39:41
Кандай сонун.аман-эсен барып келгиле.
+2
fea1990
2015-01-30 14:09:21
Аа супер сулуучу
-1
rah
2015-01-30 16:46:36
жакшы барып келгиле
0
dastan_nookat
2015-02-02 00:39:43
''Жолунуздар шыдыр болсун''
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан