Өткөн суткада Бишкек шаарында уурулук кылмышына шектүү катары 2 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Жабырлануучунун 7 миң доллар жоготкондугу тууралуу арызынын негизинде укук коргоо кызматкерлери шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну 22 жаштагы М.Эрлан кармалды.
Ал эми дагы бир жабырлануучунун үйүнөн курулуш шаймандарын уурдап кетүү боюнча жазган арызынын негизинде кылмышка шектелип 29 жаштагы Г.Элдар аттуу адам кармалды.
Аталган эки жаран Бишкек шаардык ИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө амалдары башталганы маалымдалды.