Карыздын айынан 12-февралдан баштап Бишкекте газ берүү чектелиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчисинин орун басары Куралбек Наскеев билдирди. Ал билдиргендей, "КазТрансГаз" ишканасы Кыргызстандын төлөнбөгөн карызынан улам газ берүүнү чектөө аракетин көрүүдө. Айта кетсек, Кыргызстандын жаратылыш газы үчүн Казакстанга болгон карызы учурда 6,5 миллион долларга жетейин деп калды. Учурда эки өлкө ортосунда карыз боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан Наскеев 1-апрелге чейин "КазТрансГаз" Кыргызстанга жаратылыш газынын 1 миң метр кубун 224 доллардан, "УзТрансГаз" 290 доллардан бере тургандыгын кошумчалады.