Президент Алмазбек Атамбаевге Өзбекстандын өлкө башчысы Ислам Каримовдон ыраазычылык кат келди

Бүгүн, 8-февралда президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримовдон анын 75 жашын куттуктагандыгына байланыштуу ыраазычылык кат келди. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Каттын мазмуну төмөндөгүдөй: "Урматтуу Алмазбек Шаршенович, менин туулган күнүмө байланыштуу сиздин чын жүрөктөн куттуктооңуз жана жакшы каалоолоруңуз үчүн чын дилимден ыраазымын. Жагдайдан пайдаланып, сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук, бакубаттык жана ишмердигиңизге жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалайм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан