8-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 64 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 183 метр куб, ал эми агып чыгышы секундуна 695 метр кубду түзүүдө. Былтыркы жылы бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 441 миллион метр куб болгон. Ал эми суунун агып кириши секундуна 183 метр куб, агып чыгышы 771 метр кубду түзгөн.